Жаңылыктар

01.08.2025 9

Кооздук жана тартип — чогуу жасалган эмгектен жаралат

Кооздук жана тартип — чогуу жасалган эмгектен жаралат

11.07.2025-жыл Суу-Башы айыл аймагында ɵткɵрʏлгɵн ишембилик алкагында ар кайсы көчөлөрдө жашаган тургундар өз демилгелери менен тазалык иштерине активдүү катышты. Айрыкча бир көчөнүн айымдары көчөнүн башынан аягына чейин чогуу аракет кылып, таза жана иреттүү чөйрө түзүштү. Бул — айыл тургундарынын ынтымагын, жоопкерчилигин жана мекенге болгон мамилесин айкын сɵзсʏз далилдейт.

Ошондой эле таштанды төгүлүүчү аймак иретке келтирилип, айланасы тазаланды. Тазалык — күнүмдүк камкордук жана жарандык маданияттын кɵрʏнʏшʏ.

Урматтуу айыл аймагыбыздын тургундары!

Таштандыларды атайын полигондун ичине таштап, сыртына таштабоого чакырып кетебиз.

*Келгиле, Суу-Башы айыл аймагыбызды бирге таза, коопсуз жана жагымдуу кылайлы! Бул — балдарыбыздын ден соолугу, эртеңки муундун жарык келечеги үчүн жасалган маанилүү кадам.*