Жаңылыктар

23.06.2025 8

*Көчмө тейлөө кызматы Бөжөй айылында өткөрүлдү*

*Көчмө тейлөө кызматы Бөжөй айылында өткөрүлдү*

20.06.2025-жыл Суу-Башы айыл аймагынын борбордон алыс жайгашкан Бөжөй айылында көчмө кызмат көрсөтүү иш-чарасы уюштурулду. Бул иш-чаранын алкагында айыл өкмөтүнүн салык жана камсыздандыруу боюнча адистери жерине барып, жарандардын төлөмдөрүн кабыл алышты. Мындан тышкары, калкты каттоо бөлүмүнүн адиси тарабынан *“Түндүк”* маалыматтык системасына катталуу, кайра калыбына келтирүү жана туура колдонуу боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара айыл тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү, документ иштерин жеңилдетүү жана мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу максатын көздөйт. Суу-Башы айыл өкмөтү мындай көчмө кызмат көрсөтүүлөр аймактын башка айылдарында да улантыларын билдирет.