Жаңылыктар

13.08.2025 11

КИБЕР-АЛДАМЧЫЛЫККА ЖОЛ ЖОК!

КИБЕР-АЛДАМЧЫЛЫККА ЖОЛ ЖОК!

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматы жана Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан “Кибер-алдамчылыкка жол жок” аталышындагы жөө жүрүш өткөрүлдү. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар активдүү катышты. Жүрүш учурунда интернеттен “оңой акча табуу” сунуштарынын артында көп учурда алдамчылык турганы баса белгиленди. Ошондой эле, белгисиз булактардан келген шилтемелерге кирбөө зарылдыгы эскертилди. Эсиңизде болсун: Оңой акча сунуштары – кооптуу алдамчылыктын белгиси; Белгисиз шилтемелерге кирбеңиз; Шектүү маалыматты дароо укук коргоо органдарына билдириңиз. Биргеликте кибер-алдамчылыкка каршы күрөшөбүз!