Кечээ, Бужум айылында айыл өкмөтүнүн демилгеси менен элдик ашар өткөрүлдү. Ага 100дөн ашык айыл тургуну катышып, арыктарды тазалоо жана казуу иштерин жүргүзүштү. Иш-чара айылдагы суу жеткирүү шарттарын жакшыртуу жана жазгы талаа иштерине даярдык көрүү максатында уюштурулган.
Ашарга ар кыл курактагы тургундар, жаштар жана аксакалдар активдүү катышып, ынтымакта эмгектеништи. Айыл өкмөтү тарабынан уюштуруу иштери тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүп, жергиликтүү элдин колдоосу менен иш-чара ийгиликтүү өттү.
Мындай биримдик менен аткарылган иштер айылдын өнүгүшүнө чоң салым кошору шексиз.