Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Токой – Боз-Адыр айылдарын байланыштырып турган 1,8 чакырымдык ички чарбалык жолго асфальт төшөө иштери башталды. Бул долбоор жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу, айыл ичиндеги жол кыймылын жеңилдетүү жана унаа жүрүшүн ыңгайлуу кылуу максатында ишке ашырылууда. Асфальт төшөө жумуштары толук бүткөрүлгөндөн кийин аймактагы мектепке, социалдык мекемелерге жана чарбалык иштерге баруу кыйла жеңилдейт.