Жаңылыктар

18.06.2025 8

Кара-Булакта таза суу системасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат

Кара-Булакта таза суу системасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат

Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасын жакшыртуу боюнча ири долбоор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Учурда айыл ичинде суу түтүктөрүн тартуу, инженердик инфраструктураларды куруу жана таза сууга тоскоолдук жараткан курулуштарды алып салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер айылдын башкы планын (генпланды) ишке ашыруунун алкагында аткарылып жатат.

Долбоордун негизги максаты – Кара-Булак айылынын жашоочуларын таза жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу. Мында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу шарттар эске алынып, суу ресурстарын туруктуу жана натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Ишке ашып жаткан бул демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл тургундарынын колдоосу менен жүрүп жатат. Айыл эли курулуш иштерине активдүү катышып, демөөрчүлүк жана ишке көмөк көрсөтүү аркылуу долбоордун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшүнө зор салым кошууда.

Курулуш иштери аяктагандан кийин Кара-Булак айылынын тургундары таза жана жеткиликтүү ичүүчү сууга ээ болуп, жашоо сапаты кыйла жогорулай турганы күтүлүүдө.