Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылына бараткан жол оңдолуп, асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Бул участок Ош–Баткен жолунун 10–11 чакырымында жайгашкан.
Учурда техника жана жумушчулар жолду сапаттуу асфальттоо үчүн керектүү иштерди жүргүзүүдө. Жолдун оңдолушу айыл тургундары үчүн кыймылды жеңилдетип, Баткен шаарын аймактын башка аймактары менен туташтырууда маанилүү ролду ойнойт.