Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы эс алуучу жайларда МЧС кызматкерлери жана токой чарба бөлүмүнүн адистери тарабынан биргелешкен эскертүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында эс алуучуларга токойдо от жагуу, таштанды калтырбоо жана өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Бул аракеттер табиятты коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт. Жарандарыбызды жаратылышка аяр мамиле жасап, тазалыкты сактоого жана өрт коопсуздук эрежелерин так аткарууга чакырабыз! Балдарыбыздын жана жаратылыштын келечеги биздин мамилебизге байланыштуу!