Жаңылыктар

21.08.2025 11

Кара-Булак айылында кызыл сызыктан чыккан курулуштар боюнча иштер жүрүп жатат

Кара-Булак айылында кызыл сызыктан чыккан курулуштар боюнча иштер жүрүп жатат

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылында мыйзамсыз курулган жана кызыл сызыктан чыгып кеткен турак жайлар менен чарбалык курулуштарды мыйзам чегинде тартипке келтирүү иштери башталды. Бул иштер айылдын башкы планынын негизинде жана атайын түзүлгөн штабдын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Негизги максат — аймактын коопсуздугун камсыз кылуу, жолдорду кеңейтүү жана таза суу түтүк линиясын тоскоолдуксуз өткөрүү болуп саналат. Айыл башчысы жана жерге жайгаштыруу адиси жеринде жарандар менен жолугушуп, мыйзам талаптарын түшүндүрүп беришүүдө. Жергиликтүү тургундарга алдын ала эскертүүлөр жасалып, айрым жарандар өз ыктыяры менен курулуштарды жылдырып, жер тилкесин бошотуп берүүдө. Алдыда мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында көзөмөл иштери дагы да күчөтүлүп, ар бир жаранды коопсуздукту жана тартипти биргеликте камсыз кылууга чакырабыз.