14.07.2025-жыл Кара-Булак айылынын башкы планынын негизинде кызыл сызыктан өтүп кеткен курулмалар боюнча түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлдү. Бул курулуштар таза суу түтүк линиясына тоскоол болуп жаткандыктан, тез арада жылдыруу зарылчылыгы жаралды. Айыл башчысы жана жерге жайгаштыруу адиси менен биргеликте жарандарга мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, чектен чыккан курулуштарды белгиленген тартипке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Жергиликтүү тургундардан түшүнүү менен мамиле жасап, коопсуздукту жана тартипти биргеликте камсыздоого чакырабыз.