Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекемеси тарабынан “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылында курулуш иштери башталды.
Аталган долбоор жергиликтүү тургундарды таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатын көздөйт. Учурда айылда суу түтүктөрүн орнотуу жана башка тиешелүү инженердик инфраструктураларды куруу иштери жүрүп жатат.
Долбоор климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана турмуштук маанидеги кызматтарды калкка жеткирүүгө багытталган. Бул демилге аркылуу айыл тургундарынын жашоо сапаты жогорулап, таза суу жеткиликтүүлүгү кыйла жакшырмакчы.
Долбоорду ишке ашыруу иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын толук колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Ошону менен катар, айыл тургундары да бул демилгени колдоо менен тосуп алып, курулуш иштерине активдүү катышып, ар тараптан жардам көрсөтүүдө. Бул өз кезегинде долбоордун өз учурунда жана сапаттуу ишке ашышына өбөлгө болууда.