Жаңылыктар

18.06.2025 8

Камсыздандыруу ишенимди актады. "Ак жолтой" бала бакчасы төлөм алды

Камсыздандыруу ишенимди актады. "Ак жолтой" бала бакчасы төлөм алды

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылындагы "Ак Жолтой" бала бакчасы электр зымдарынан чыккан кырсыктын натыйжасында жабыркаган бөлүгүн оңдоп-түзөө үчүн камсыздандыруу төлөмүн алды.

Бала бакча буга чейин расмий камсыздандырылган болчу. 2025-жылдын март айында болгон окуядан кийин мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 147 миң сомдон ашык суммада компенсация төлөндү.

Сертификатты тапшыруу аземине Баткен районунун акими Данир Иманалиев катышып, мындай камсыздандыруу — мекемелердин коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Аймактагы мекемелерди камсыздандыруу аркылуу күтүлбөгөн чыгымдардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү жараларын бул учур дагы бир ирет далилдеди.