Жаңылыктар

27.11.2025 30

Камкордук кадамы: Достукка 60 тонна көмүр жеткирилди.

Камкордук кадамы: Достукка 60 тонна көмүр жеткирилди.

2025-жылдын 24-ноябрында Суу-Башы айыл аймагына караштуу Жаны Достук конушунун жашоочуларына мамлекет тарабынан акысыз көмүр таркатылды. Бул социалдык колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун демилгеси менен «Кыргыз көмүр» ААК тарабынан ишке ашты. Жалпысынан 60 тонна көмүр жеткирилип, жергиликтүү тургундарга акысыз таратылды. Кыш мезгилинде калктын турмушун жеңилдетүүгө багытталган бул көмөк жергиликтүү эл тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынып, мындай иш-чаралар турмуштук шарттарды жакшыртууга түрткү боло турганы белгиленди. Социалдык колдоонун алкагында мындай иш-аракеттер мындан ары да улантылып, муктаж үй-бүлөлөргө көмүр жеткирүү иштери жүргүзүлө бермекчи.