Жаңылыктар

30.06.2025 11

Элеттик аялдардын күнү белгиленди

Элеттик аялдардын күнү белгиленди

2025-жылдын 29-июнунда Суу-Башы айыл аймагында Элеттик аялдардын күнүнө карата өзгөчө маанилүү жана таасирдүү иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара “Эненин кадырын билген элдин эртеңи жарык” жана “Зомбулуксуз жашоо — жаркын келечек” деген темалардын алкагында өтүп, ал эки этап менен уюштурулду. Биринчи бөлүктө — айылдагы энелерди, байбичелерди жана коомдо активдүүлүгү менен айырмаланган лидер айымдарды урматтоо максатында майрамдык иш-чара уюштурулду. Аларга ыраазычылык билдирилип, атайын белектер тапшырылды. Экинчи бөлүк “чай үстүндө баарлашуу” форматындагы тегерек стол болуп, анда аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу, аялдардын коомдогу ролу, укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терең талкуу жүрдү. Иш-чарага Суу-Башы айыл аймагындагы жети айылдын өкүлдөрү: – Аялдар кеңештеринин мүчөлөрү, – уз-чеберлер, – жеке ишкерлер, – мугалимдер, – медиктер, – милиция кызматкерлери, – жергиликтүү кеңештин депутат айымдары, – шайыр апалар, – байбичелер, – жана лидер айымдар катышты. Бул маанилүү күндү белгилөө иш-чарасы айыл өкмөтүнүн колдоосу менен каржыланып, уюштуруучулар тарабынан катышуучуларга белектер тапшырылып, жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чара элеттик аялдардын орду менен салымын дагы бир жолу даңазалап, келечек муунга үлгү болчу маанидеги жолугушууга айланды.