Жаңылыктар

21.05.2025 9

Бужум айылында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Бужум айылында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Кечээ Бужум айылында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага айыл райондук админицтрациянын жана айыл аймагынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мектеп жана саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты. Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, зомбулукка кабылган жарандарга жардам көрсөтүү, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана тиешелүү кызматтардын өз ара кызматташуусун күчөтүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ортосунда пикир алмашуу болуп, алдын алуу иштерин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар айтылды. Мындан сырткары, укуктук түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана калк арасында профилактикалык иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.