Жаңылыктар

12.08.2025 10

Бужум айылында тазалык жана тартипке көңүл бурулууда

Бужум айылында тазалык жана тартипке көңүл бурулууда

14-июль 2025-жыл Баткен районунун акими Данир Иманалиев Бужум айылына барып, айылдын санитардык абалы жана инфраструктуралык маселелер боюнча жеринен кабар алды. Бул сапар учурунда аким Данир Иманалиев жол боюндагы тазалык, таштандынын топтолушу жана коомдук жайлардын абалына өзгөчө көңүл бурду. Айылда аймакты иретке келтирүү, таштанды чыгаруу жана коомдук жайларды таза сактоо багытындагы иштер буга чейин эле башталган. Акимдин жеринде таанышуусу — бул иштерге кошумча дем берип, тиешелүү кызматтарга дагы да так милдеттерди коюуга негиз болду. Мындан сырткары, район жетекчиси Бужумдагы оорукананын жана тез жардам бөлүмүнүн иши менен таанышып, медициналык тейлөөнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымат алды. Иретке келтирүү — бул бир күндүк иш эмес, айылдын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз аракет. Бул багыттагы иштер мындан ары да уланат.