Жаңылыктар

07.07.2025 11

Бужум айылында тазалык иштери жүрдү

Бужум айылында тазалык иштери жүрдү

05.07.2025-жыл Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында борбордук көчөнүн боюнда жашаган тургундарга жол жээгин таза кармоо, тиричилик таштандыларын ирээттүү чыгаруу жана айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти күчөтүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери көчө боюндагы тазалыкты текшерип, жашоочуларга оозеки эскертүүлөрдү беришти. Бул иш-чаранын алкагында мекеме кызматкерлери да ишембиликке чыгып, кеңсе айланасын тазалашты. Айыл өкмөтү тургундарга кайрылып, үйүнүн тегерегин, жол боюн таза кармоо — ар бир жарандын жарандык милдети экенин эске салат. Таза чөйрө — ден соолукка, коопсуздукка жана жашоо сапатына түздөн-түз байланыштуу. Андыктан, *жаратылышка жана коомдук тартипке кайдыгер карабастан*, баарыбыз тазалыкты сактап, көрктүүлүккө салым кошолу.