Жаңылыктар

19.08.2025 11

Бужум айылында өспүрүмдөр арасында футбол мелдеши өтүп, коопсуздук камсыздалды

Бужум айылында өспүрүмдөр арасында футбол мелдеши өтүп, коопсуздук камсыздалды

Бужум айылында өспүрүмдөр арасында футбол мелдеши өтүп, коопсуздук камсыздалды

2025-жылдын 17-август күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул иш-чара Бужум футболдук клубунун демилгеси менен уюштурулуп, Баткен облусунун жаш спортчуларын бириктирди.

Мелдештин башкы максаты — жаштарды сергек жашоого үндөп, спорт аркылуу алардын бош убактыларын туура пайдаланууга жана укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.

Иш-чара учурунда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук тартип жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалды.

Бул сыяктуу спорттук демилгелер жаш муундун ден соолугун чыңдап, коомго пайдалуу инсандарды тарбиялоодо маанилүү роль ойнойт.