Жаңылыктар

15.04.2026 4

Бужум айылында негизги жол кеңейтилүүдө

Бужум айылында негизги жол кеңейтилүүдө

Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылындагы негизги жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда жолдун боюндагы тосмолор алынып, тиешелүү даярдык иштери аткарылып жатат. Маалыматка ылайык, аталган көчө кеңейтилип, мындан ары асфальт төшөө пландалууда. Бул иштер жол инфраструктурасын жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Белгилей кетсек, жол куруу жана кеңейтүү иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.

 Урматтуу тургундар жана айдоочулар! Курулуш иштери жүрүп жаткан аймактарда коопсуздукту сактап, жолдо этият жүрүүңүздөрдү өтүнөбүз. Жол белгилерине көңүл буруп, коопсуз ылдамдыкты сактоо зарыл. 

Көрсөткөн түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.