Жаңылыктар

11.04.2025 34

БУЖУМ АЙЫЛЫНДА "ЖАШЫЛ МУРАС" ӨНӨКТҮГҮ АЛКАГЫНДА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ АКЦИЯСЫ ӨТТҮ

БУЖУМ АЙЫЛЫНДА "ЖАШЫЛ МУРАС" ӨНӨКТҮГҮ АЛКАГЫНДА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ АКЦИЯСЫ ӨТТҮ

2025-жылдын 9-апрелинде Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында чоң экологикалык иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын расмий бөлүгүнө төмөнкү кадырлуу коноктор катышты:

 • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыяр Калпаев 

• ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Алексей Александрович Рогов

 • Баткен районунун акими Иманалиев Данир

 • Орхус борборунун мүдүрү Исабаев Каныбек 

• ЖРЭТКМ Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Маматалиев Азатбек

 • Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Маканов Данияр

 Иш-чарада экологияны сактоо жана жашыл аянттарды кеңейтүү максатында: 

• 150 даана Тянь-Шань арчасы

 • 170 даана Ак кайың көчөтү отургузулду.

 Бул акцияга Бужум айылынын жашоочулары, мектеп окуучулары, ФАП кызматкерлери, экоактивисттер жана ММК өкүлдөрү активдүү катышышты. Иш-чаранын максаты – жаш муунга экологиялык тарбия берүү, айылдын жашыл чөйрөсүн кеңейтүү жана жаратылышты коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болду. 

"Жашыл мурас — бул келечекке болгон жоопкерчилик!" деген ураандын алдында өткөн акция айылдын келечеги үчүн маанилүү салым болуп калды. орусчага которуп берчи