2025-жылдын 14–15-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бөжөй айылында сел жүрүп, жаратылыш кырсыгы бир катар зыяндарды алып келди. Өзгөчө, болжол менен 500 метр аралыктагы жол жабыркап, ошондой эле 110 метр ичүүчү суу түтүктөрү жараксыз абалга келген.
Селден кийинки күнү, 16-июнда жергиликтүү тургундардын катышуусунда элдик ашар уюштурулуп, жолдордун айрым бөлүктөрү калыбына келтирилди. Учурда айыл өкмөтүнүн колдоосу жана бюджетинин эсебинен оор техника тартылып, калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Суу-Башы айыл өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине активдүү катышкан Бөжөй айылынын тургундарына ыраазычылык билдирет жана мындан аркы иштер дагы жеринде өз убагында аткарылаарын маалымдайт.