Жаңылыктар

27.11.2025 59

Бөжөй айылында сел каптоо коркунучу жогору деп белгиленген чоң сайдын 1100 метр аралыктагы жээк коргоо иштери жүргүзүлдү

Бөжөй айылында сел каптоо коркунучу жогору деп белгиленген чоң сайдын 1100 метр аралыктагы жээк коргоо иштери жүргүзүлдү

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылында сел коркунучу күчтүү болгон чоң сай боюнча коопсуздукту камсыздоо жана инфраструктураны жакшыртуу багытында маанилүү иштер жүрүп жатат. Айылдагы сел каптоо коркунучу жогору деп белгиленген чоң сайдын 1100 метр аралыктагы жээги бекемделип, кырдаалдын алдын алуу боюнча жээк коргоо жумуштары толук аткарылды. Бул чаралар айыл тургундарын мүмкүн болгон сел коркунучунан сактоого жана коргонуу деңгээлин жогорулатууга багытталган. Андан тышкары, аталган сай аркылуу өтүүчү автоунаа жолу бетон менен калыбына келтирилип, жарандардын коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүп-туруу шарттары жакшыртылды. Бетон куюу иштери өзгөчө жаанчыл жана сел коркунучу күчөй турган мезгилде унаа байланышын үзгүлтүккө учуратпоо максатын көздөйт.