Суу-Башы айыл аймагына караштуу Боз-Адыр айылынын тургуну, 34 жаштагы Бактыбай кызы Кызбурак 2025-жылдын май айында 3 эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келип, кубанычтуу жана өзгөчө маанилүү окуянын каарманына айланды. Кызбурак буга чейин эле 3 уул, 3 кызды тарбиялап келсе, эми алардын катарын дагы үч наристе толуктап, жалпы балдарынын саны 9га жетти. Бул кабар айыл эли үчүн чоң сүйүнүч болуп, тургундар арасында кеңири кубаттоо жана куттуктоолор менен кабыл алынды. Апасынын жана ымыркайлардын ден соолугу жакшы экени белгилүү болду. Бул кубанычтуу окуя Суу-Башы айыл аймагындагы үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана берекелүү жашоону дагы бир ирет тастыктап, жергиликтүү элдин жүрөгүнө жылуулук тартуулады. Айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар Кызбурак эне менен анын үй-бүлөсүн чын ыкластары менен куттуктап, ымыркайларга узун өмүр, бекем ден соолук жана тынч жашоо каалашат.