Жаңылыктар

01.09.2025 11

Билим күнү белгиленди

Билим күнү белгиленди

Ар жылы салтанаттуу белгиленип келген 1-сентябрь — Билим күнү өлкөбүздүн бардык аймактарында өзгөчө маанай менен өттү. Бул күн — билимге умтулуу, жаңы максаттарды коюу жана келечекке ишеним менен карай турган өзгөчө майрам болуп саналат.

2025-жылдын 1-сентябрында Суу-Башы айыл аймагындагы мектептерде да жаңы окуу жылынын ачылыш аземдери өткөрүлүп, окуучулар менен мугалимдер үчүн билим дүйнөсүнүн жаңы барагы ачылды.

Суу-Башы айыл аймагынын өкмөт башчысы Данияр Маканов жана Баткен районунун акими Данир Иманалиев,  Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы жалпы билим берүү мектебине барып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты. 

Бул маанилүү күнү мугалимдерге терең ыраазычылык билдирилип, алардын талыкпас эмгеги жогору бааланды. Окуучуларга ийгилик кааланып, жаңы окуу жылы ар бир балага билимге болгон кызыгууну арттырып, жаратмандык шыктануу тартуулашы тиленди.

 Суу-Башы айыл өкмөтү бардык мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилинен куттуктап, билим жолунда зор жетишкендиктерди каалайт.