Жаңылыктар

01.06.2023 69

Баткенде 6-июнга чейин электр энергиясы өчүрүлөт

Баткенде 6-июнга чейин электр энергиясы өчүрүлөт

2-5-6-июнь күндөрү Баткен шаарынын Келечек, Тамаша-Жай, Аэропорт жана СМУ кварталдарында жана Баткен районунун Бужум, Жаңы-Жер, Чек айылдарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын алкагында пландалган оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

Электр энергиясы эртең мененки саат 8:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт.