2025-жылдын 23–24-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын негизинде Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын Лесхоз аймагында “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда райондук жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети” темасында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. 23-июлда теориялык бөлүк өтүп, жарандык коргонуу боюнча иш кагаздар менен иштөө, ведомстволор аралык аракеттерди координациялоо боюнча сабактар берилди. Ал эми 24-июлда практикалык этап уюштурулуп, кырдаалга ылайык чара көрүү, өз ара аракеттенүү жана калкты эвакуациялоо боюнча көнүгүүлөр ишке ашырылды. Иш-чарага райондук жарандык коргонуунун кызматтары, айыл өкмөттөр, ошондой эле Бужум жана Кара-Булак айылдарынын тургундары катышышты. Машыгуунун жүрүшүнө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилиги жана Баткен районунун акими байкоо жүргүзүштү. Жыйынтыгында активдүү катышкан жетекчилер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы, Баткен облустук башкармалыгынын жана Баткен районунун Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Мындай машыгуулар өзгөчө кырдаалдарда туура аракет көрүүнү калыптандыруу менен аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө болот.