Жаңылыктар

18.09.2025 12

Апкан айылындагы А. Жоробаев атындагы орто мектебинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Апкан айылындагы А. Жоробаев атындагы орто мектебинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Апкан айылындагы А. Жоробаев атындагы орто мектебинин окуучуларына жана ата-энелерге ички иштер кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу, кибер кылмыштуулуктун зыяндары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда ачылган жол аркылуу өтүп жаткан коңшу Өзбекстандын жарандарынын мүлкүнө зыян келтирбөө, жолдон өткөндө таш ыргытпоого өзгөчө көңүл бурулуп, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кеңири түшүндүрмө жасалды. Мындан тышкары, ата-энелерге жана окуучуларга тартипти сактоо, өз ара сый-урмат менен мамиле кылуу, мектеп жана коомдогу коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар берилди.