Жаңылыктар

13.08.2025 10

Айыл өкмөт башчысы Кара-Булак айылынын эли менен жолугушту

Айыл өкмөт башчысы Кара-Булак айылынын эли менен жолугушту

2025-жылдын 24-июлунда Суу-Башы айыл аймагынын башчысы Данияр Маканов Кара-Булак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында айылда жүрүп жаткан таза суу долбоору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул долбоорду үзгүлтүксүз улантуу үчүн керектүү кадамдар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жолугушууда мыйзамсыз түрдө жеке пайдаланып калган участоктор жана снос маселелери да каралды. Айыл өкмөт башчысы бул иштер мыйзам чегинде, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлөрүн белгилеп өттү. Жергиликтүү тургундар өз суроолорун берип, көйгөйлөрүн ортого салышты. Мындай түз диалог эл менен бийликтин байланышын күчөтүүгө өбөлгө болуп, аймактагы маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзөт.