Айыл аймагыбызда жазгы талаа иштерине даярдык кызуу жүрүп, сугат тармактарын иретке келтирүү иштери башталды. Дыйкандар жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүп, сугат арыктарын тазалоо жана оңдоо жумуштарына активдүү катышууда.
Бул иш-чаралар техниканын жардамы менен, ошондой эле элдик ашар жолу менен жүргүзүлүп, айыл тургундары биргеликте эмгектенишүүдө. Арыктарды тазалоо жана сугат тутумун жакшыртуу айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жергиликтүү дыйкандар жана айыл тургундары жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу максатында биргеликте аракеттенишип, эмгекчилдиктин жана ынтымактын жаркын үлгүсүн көрсөтүүдө.