23.07.2025-жыл. Суу-Башы айыл аймагында санитардык-тазалык иштерин жүргүзүүдө маанилүү иш-чара өттү. Жол жээгиндеги таштандыларды тазалоого жана аймактагы ирээтсиз таштанды жайларын иретке келтирүүгө Социалдык коргоо бөлүмүнүн колдоосу менен жөлөк пул алган жарандар тартылды. Бул күн ичинде 40тан ашык жаран активдүү катышып, жалпы 25 кмден ашык жол четтери жана таштанды топтолгон аймактар тазаланды. Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнү таза кармоо менен бирге, жарандарды коомдук иштерге тартуу болду. Жергиликтүү бийлик мындай иштерди мындан ары да улантып, аймакты таза жана жашоого ыңгайлуу кылууга жалпы элди чакырат. Тазалык — ар бирибизден башталат!