Жаңылыктар

23.06.2025 7

"Сулуулук дүйнөнү сактайт": Бужум жана Боз-Адыр айылдарында "Мырзайым – 2025" кароо-сынактары өткөрүлдү

"Сулуулук дүйнөнү сактайт": Бужум жана Боз-Адыр айылдарында "Мырзайым – 2025" кароо-сынактары өткөрүлдү

 Суу-Башы айыл аймагынын Бужум жана Боз-Адыр айылдарында "Сулуулук дүйнөнү сактайт" ураанынын алкагында "Мырзайым – 2025" аттуу маданий кароо-сынактар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул иш-чаралардын негизги максаты — аялдардын коомдогу ордун даңазалоо, жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана чыгармачылыкты колдоо болуп саналат.

Бужум айылындагы сынак айылдык маданият үйүндө өтүп, 18 жаштан 35 жашка чейинки акылдуу, чечен, маданияттуу жана жарашыктуу кыз-келиндер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар ар кандай этаптарда күч сынашып, талантын, сүйлөө маданиятын, улуттук кийимге жана жаратылышка болгон мамилесин тааныштырды.

Боз-Адыр айылында да ушул эле форматта өткөн кароо-сынакта жергиликтүү кыз-келиндер сахнада өздөрүнүн чыгармачылыгын, эрудициясын жана улуттук рухун көргөзө алышты. Иш-чара Боз-Адыр айылдык маданият үйүндө уюштурулуп, элдин активдүү катышуусу менен коштолду.

Кароо-сынактын уюштуруучулары — Баткен райондук маданият бөлүмү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Маданият бөлүмүнүн колдоосу менен каржыланган бул сынактарда мыкты деп табылган катышуучуларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындай маданий иш-чаралар жаштардын чыгармачылык жөндөмүн арттырып, коомдук турмушка активдүү катышуусуна чоң өбөлгө түзөрү шексиз.