Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Бул майрам – сиздердин таза эмгегиңиздерге арналган күн.
Ар бир күнүңүздөр мекенге кызмат кылуу менен толтурулган,
Жарык келечек үчүн салым кошуп, элге кызмат кылуу – эң баалуу милдет.
Сиздердин колуңуздар менен биздин Суу-Башы айыл аймагы өсүп, өнүгүп,
таза суу менен камсыздалып, жолдор оңдолуп, турмуш шарттары жакшырды.
Айылдын ар бир бурчу жылмаюу менен толуп,
Балдардын келечеги нурланууда.
Сиздердин тынбай эмгегиңиздер менен социалдык кызматтар жеткиликтүү,
Бала-бакыралар ден соолукту чыңдоо лагеринде эс алып, күч топтоодо.
Аялдардын өнөрү, жаштардын деми күчтүү,
Жамаат ынтымак менен биримдикте, келечекке ишеничтүү.
Сиздер – айыл өкмөтүнүн жүрөгү, жанысыздар,
Жарандардын тынчтыгы, бактысы сиздердин колуңарда.
Мекен үчүн кылган эмгегиңиздер эч качан текке кетпейт,
Ар бир аракетибиз бириксе — алдыга кадам ташталат.
Бул майрамда сиздерге чың ден соолук,
Үй-бүлө бактысы, бекем ынтымак каалайбыз.
Ийгиликтер көп болсун, чын жүрөктөн ыраазычылык айтып,
Жарык келечек үчүн бирге кызмат кылууну улантабыз!
Суу-Башы айыл өкмөтү сиздер менен сыймыктанат!