Жаңылыктар

12.05.2025 9

29.04.2025-жыл

29.04.2025-жыл

Бөжөй айылында таза суу түтүктөрүн жаңылоо, жолдорду оңдоо жана сел коркунучу бар коктуларды тазалоо иштери боюнча жеринде иштер жүрүүдө. Айыл өкмөт башчысы Маканов Данияр барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышып чыкты.

Учурда айылда 1350 метрге жакын эски суу түтүктөрү жаңыланып, таза жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу максатында жаңы түтүктөр орнотулууда. Ошондой эле негизги жолдор оңдолуп, шагыл төшөө иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен сел жүрүү коркунучу бар 12 коктудан 1900 метр аралык тазаланууда.

Мындан тышкары, элдик жыйын өтүп, камсыздандыруу, табигый кырсыктардан коргонуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.