Суу-Башы айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан пландуу машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу учурунда шарттуу түрдө өрт чыккандыгы тууралуу чакыруу келип түшүп, тиешелүү кызматтар ыкчам тартипте иш алып барышты.
Өрт коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык, ишканада эмгектенип жаткан кызматкерлер убагында эвакуацияланып, коопсуз жайга чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери тарабынан өрттү өчүрүү боюнча бардык аракеттер аткарылып, шарттуу өрт толугу менен өчүрүлдү.
Мындан тышкары, машыгуу учурунда кызматкерлерге өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо жана кооптуу жагдайларда туура аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.