Коррупциянын алдын алуу жана болдурбоо.
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы кабыл алынган “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” №209 мыйзамын кынтыксыз аткаруу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, болтурбоо жана мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү боюнча аппарат кызматкерлерине коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштырууга багытталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. Анда маалым болгондой, эми коррупцияга шектелип сот жообуна тартылган мамлекеттик кызматкерге мамлекеттик органдарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Ошондой эле анын жакын туугандары да мамлекеттик, муниципиалдык кызматта иштей албай калышы тууралуу айыл өкмөт башчынын орун басары-жооптуу катчы эскертип кетти. Коррупция боюнча милдеттенме менен ар бир кызматкерлер таанышып чыгып кол коюшту жана тааныштырылган милдеттенме өздүк делолоруна тиркелди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы
“2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” № ПЖ-137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинин I этабы) алкагында 2026–2027-жылдары каралган милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн тиешелүү буйругу кабыл алынды.
Бүгүн, 2026-жылдын 27-февралында, аталган буйруктун негизинде иш-чаралар планы иштелип чыгып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди. Ошондой эле стратегиянын алкагында каралган иш-аракеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине конкреттүү милдеттер жүктөлүп, алардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу талап кылынды.
Бул багыттагы иштерди системалуу жүргүзүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту бекем сактоо негизги приоритет катары белгиленди.