1945жылдан 1971-жылга чейин “Ленинград” колхозу болуп түзүлгөн.
1971-жылдан 1992-жылдын апрель айына чейин “Первомайский” совхозу болуп түзүлгөн.
1992-жылдан 1996-жылдын май айына чейин мурдагы “Первомайский” совхозунун карамагындагы № 1 бөлүмүнүн аймагыдагы Боз-Адыр айылы, Кара-Токой айылы, Апкан айылы, Бөжөй айылы жана Айгүл-Таш айылдары кирген “Суу-Башы” айыл чарба кооперативи түзүлгөн.
1996-жылдын май айынан Суу-Башы айыл аймагынын айл өкмөтү болуп түзүлгөн. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында 5(беш) айыл Боз-Адыр айылы, Кара-Токой айылы, Апкан айылы,Бөжөй айылы жана Айгүл-Таш айылдары жайгашкан.
Айыл өкмөтүнүн бүгүнкү күндө жалпы аянты 23 598 кв.километрди түзөт.
Айыл өкмөтүнүн аймагында бүгүнкү күндө калкынын жалпы саны 2022-жылдын 1-январына карата 7487 адамга жетти.Айыл өкмөтү жайгашкан аймак облустун борборунан 30км, райондун борборунан 30 км жана жакынкы аэропорттон 30 км алыстыкта турат.
Суу-Башы айыл аймагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №165 Мыйзамына ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында, Кара-Булак айыл өкмөтү менен Суу-Башы айыл өкмөтү биригип, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп жаңыдан түзүлдү. Айыл аймагынын борбору Бужум айылы болуп бекитилди. Азыркы мезгилде Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү Баткен районунан борбордук айылы 7 км, ал эми эң алыскы айылы 60 км аралыкта жайгашкан. Деңиз денгээлинен +1150 м бийиктикте турат. Баткен районунун борбордук бөлүгүндө жайгашып, түндүк тарабынан Баткен шаары, батыш тарабынан Ак Сай айыл өкмөтү, чыгыш тарабынан Кадамжай району, ал эми түштүк жагы Баткен районунун Тажикстан Республикасы менен чектешет. Айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 928885,5 га ны түзөт. Суу-Башы айыл өкмөтү 7 (жети ) айылдан турат. Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 2025-жылга карата 23787 жаранды түздү.